www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Баткенге кайсы депутаттар барды?

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-30-апрель жана 1-май күндөрү Баткен облусуна барышты. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепеттери менен жеринде таанышышты.

30-апрелге караган түнү жаңжал чыккан жерге Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаев жөнөгөн. Эртең менен ал жерде Карамат Орозова (Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев менен), Төрөбай Зулпукаров жүргөн. Күндүз Айбек Осмонов, Марлен Маматалиев, Акылбек Кемелов (Абдышүкүр Нарматов менен) барышкан.

1-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон депутаттардын тобу айылдарды кыдырып, жабыркагандардан кабар алышкан. Алардын арасында Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бакиров, Таабалды Тиллаев, Өмүрбек Бакиров, Дастан Жумабеков, Бактыбек Турусбеков, Шайлообек Атазов, Айнуру Алтыбаева, Махабат Мавлянова, Бурун Аманова, Тазабек Икрамов, Жунус уулу Адыл. Улан Примов, Үмбеталы Кыдыралиев бар болчу.

Ошол эле убакта «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына Бакыт Төрөбаев, Осмонбек Турдумамбетов, Улан Исмаилов, Нурлан Сырдыбаев, Мейкин Абдалиев барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости