www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кызгыз-тажик чек арасындагы чырдан каза болгондордун тизмесин жарыялады. Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан 13 адам каза тапты. Алар:
Каратаев Сагын Калбаевич. Көк-Таш айылынын тургуну. 1977-жылы 26-июлда туулган.
Тагаев Сүйүн Ураимович. Баткен шаарынын тургуну. 1969-жылы 14-мартта туулган.
Каработоев Алтынбек Джалилович. Кадамдай шаарынын тургуну. 1982-жылы 18-майда туулган.
Адбрахманов Баяман Гапарович Баткен шаарынын тургуну. 1998-жылы туулган.
Үсөн уулу Рашид. Баткен шаарынын тургуну. 1973-жылы туулган.
Ганиев Жамшит Кайимович. 1990-жылы туулган.
Рахматжанова Мадина 2009-жылы туулган.
Сайдаров Махаматрасул Махадасавич 1985-жылы туулган.
Аскер кызматкерлери
Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири. Капитан.
Юлдашев Бекзат Давлатжанович. 1991-жылы туулган. 2021 аскер бөлүгү.
Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири. Капитан.
Баткен милициясы дагы эки адамдын тек-жайын тактап жатат.
Куралдуу кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Ошондой эле 134 адам жараат алды. Алардын 25и Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, жергиликтүү журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg