www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасы дагы деле курч бойдон калууда. УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын маалымдаган. Бирок, азыркы тапта Кыргызстандын аймагына кирген тажик аскерлери чыгып кете элек.

Учурда кыргыздар жашаган 6 айыл тажиктердин карамагына өткөнү айтылууда.

Саат 18:00гө карата чек арада жарадар болгондордун саны айтыла элек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин 42 кыргызстандык жарадар болгонун жана 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза тапканын билдирген.

Буга чейин, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Гулистон, Исфара шаарларына барып, Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жана бардык күч структуралардын жетекчилери менен жолугуп, эки тарап ок атышпоо келишимин кабыл алганын билдирген.

Ошондой эле, Ташиев атышуу 1-2 сааттын ичинде толук токтой турганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости