www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасында оор курал-жарактар жай тургундарга каршы колдонулушун сындады. Уюм Баткендеги жаңжал тууралуу билдирүү таратты.
Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга олуттуу тынчсыздануусун билдирип, тез арада атышууну токтотуп, талашты саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырган.
«Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы жай тургундарга, жарандык инфраструктурага, анын ичинде мектептерге карата оор курал-жарак колдонулган агрессияны сындайт. Сабырдуулук менен мүмкүн болгон бардык каражатты ишке салып, чыңалууну басаңдатууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.
Түрк мамлекеттер уюму кырдаалга байкоо салып жатат, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, Борбор Азияда туруктуулукту жана бейпилдикти сактоо үчүн сүйлөшүү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эске салган.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашканы тууралуу маалымдалган.
Бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.
Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.
Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда. Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм). Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 42 кыргызстандык жабыркады.
УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, РСЗО реактивдүү системаларды жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле, алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.
Булак: NazarNews.kg