www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чалдыбар унаа жоолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык аскер кызматкери, 2001-жылы туулган Ж.А., башына ок тийип, жаракат алган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгон.

«Аскер кызматкери Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын ден соолугунун абалы оор деп бааланып, комада жатат», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Чек ара кызматы бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөргө маалымдалганын кошумчалады. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости