www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айдарбеков чининен ажыратылды

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

"Мындай чечим Кыргызстандын бир катар коңшу мамлекеттердеги элчиликтеринин кызматкери болуп турганда дипломаттын жогорку наамына шек келтирген жагдайларды эске алуу менен кабыл алынды", — деп айтылат президенттик аппараттын билдирүүсүндө.

Буга чейин Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишим долбоору боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Андан соң ал комитеттин төрагалыгынан алынган.

Дипломатиялык карьерасында Айдарбеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы жана Өзбекстандагы элчиликтеринде иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости