www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу (УКМК) Чек ара кызматы "Күз-2022" аскерге чакыруу жана кызмат өтөө үчүн даярдык тууралуу билдирүү таратты. Анда аталган мекеме ата-энелерге кайрылып, балдарын, бир туугандарын аскердик кызматка даярдоого, аларга дем берүүгө үндөгөн.

Акыркы учурларда кызмат өтөгүсү келбей, ант берүү алдында окуу борборлорунан качып кеткендер болуп жатканын белгилеген.

"Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек арачылардын аскер кызматкерлерин даярдоо башка күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлерин даярдоо программаларынан бир топ айырмаланат. Чек ара аскерлери дайыма күжүрмөн даярдыкта, дайыма күжүрмөн кызматта турат жана душмандын чабуулу болгон учурда биринчилерден болуп соккуну өздөрүнө алат. Аскердик кызматтын кыйынчылыктарына жана оордугуна даяр, моралдык жактан туруктуу, Кыргызстандын чек арасын чын дилден коргоону каалаган жаштар кызмат өтөшү керек”, - деп жазылган Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости