www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 21-сентябры саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу катары мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажикстан Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган.

Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Лейлек районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости