www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара кызматы Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жердеги ок атуудан сегиз жаштагы өспүрүм жараат алганын ырастады. Бул тууралуу аталган кызмат тараткан маалыматта айтылат.

Ага ылайык, 7-августта Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан жоокер К.Ж.у. Куралдуу күчтөрүнүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм жаракат алган.

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, азыркы учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Баш прокуратура ушул эле окуя боюнча башка өңүттөгү маалымат таратты. Анда чек арачылар нөөмөттө турган жерге жергиликтүү үч өспүрүм келип, жоокер алаксый түшкөндө анын куралы менен балдардын бири экинчисин атып жибергени айтылат.

Жаракат алган өспүрүм Баткен облустук ооруканасында жатат. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости