www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көралбастык – адамды ичинен даттай жей турган сезим. Кимде-ким башкалардын ийгилигинен улам кыжырдануу жана жинденүү сезимин баштан кечирсе, ал өзүнө карата кемчилик жана сыйлабастыктан жабыркайт. Көралбас адамдардан дайыма терс энергия чачырап турат.
Мындай адамдар интригаларды токуп, ушак айтышат, бут тосууга умтулушат, жалпысынан, алар кандайдыр бир жол менен адамга зыян келтиргиси келет.
Көралбастык – күкүрт сыяктуу, кадимки мамилелерди чиритет. Эгер көралбастык менен күрөшүүгө күч жетишсиз болсо, анда адамдын маанайы начарлап, депрессия, жашоого кайдыгерлик, оору башталат. Көралбастыктан арылуу жолдору төмөнкүлөр болушу мүмкүн: активдүү позиция, мисалы, өзүн-өзү өркүндөтүү, өз максаттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн издөө, аларды ишке ашырууга умтулуу. Көралбастарга өзүңдү, кубанычыңды көрсөтпө.
Бейтааныш адамдардын арасында өз ийгилигиң жана жетишкендиктериң жөнүндө азыраак сүйлө. Жөнөкөйлүк – бул көзгө көрүнбөгөн калкан, ал сени ар кандай терс жана көралбастыктан коргойт. Өзүңдүн артыкчылыгыңды эч кимге көрсөтпө.
Булак: Азия News гезити