www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын жана Сингапурдун окумуштуулар тобу Кытайда кеминде 35 адам жуктуруп алган, кыязы, жаныбардан чыккан генипавирустун жаңы түрүн аныкташты, деп жазат кытайлык Pengpai басылмасы.

Буга чейин кытайлык жана сингапурдук окумуштуулардын биргелешкен изилдөөсү New England Journal of Medicine (NEJM) журналында жарыяланган. Окумуштуулар Кытайда "Ланъя" деп аташкан генипавирустун жаңы түрү табылганын жарыялашты.

"Кытайдын Шаньдун жана Хэнань провинцияларында "Ланъя" вирусун жуктурган 35 бейтап аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

"Ланъя" инфекциясынын белгилерине ысытма, чарчоо, жөтөл, анорексия, миалгия, жүрөк айлануу жана кусуу кирет. Илимпоздор жаңы вирус Нипах вирусуна окшош экенин белгилешет, бирок азырынча инфекциянын учурлары өлүмгө алып келген же өтө олуттуу учур боло элек. 

Ошол эле учурда, илимпоздор "Ланъя" адамдан адамга жугушу мүмкүнбү же жокпу аныктай элек. Жаныбарлар арасында вируска каршы антителолор эчкилер менен иттерден табылган.

"Ошондуктан, биз бул жаңы вируска каршы кыраакы болушубуз керек, бирок дүрбөлөңгө түшпөйбүз", - деди Сингапур Улуттук университетинин медицина профессору Ван Линфа басылмага.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости