www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда 16-декабрда Баткен — Лейлек жолунун Самарканддык айылында белгисиз бирөөлөр өтүп бара жаткан унааларды таш бараңга алышты делген маалымат (аудио жазуу) чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Маалыматка ылайык, жогоруда аталган аудиожазуулар текшерилди: Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду жана ошондой эле чек арага жакын аймактардын калкы менен иш алып барылды. Маалымат тастыкталган жок. Мындан тышкары, аталган жол тилкеси аркылуу өткөн Кыргызстандын жарандарынан эч кандай кайрылуулар болгон жок», - деп айтылат маалыматта.
Чыр-чатактарды алдын алуу максатында 16-декабрда эки республиканын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында Баткен — Лейлек унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде тараптардын чек ара тозоттору коюлду.
17-декабрга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.
Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутпоого жана маалыматты тиешелүү органдардан тактоого чакырат.
Булак: NazarNews.kg