www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо боюнча резолюциянын долбоору 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Пленардык отурумунда каралып, жактырылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин фейсбуктагы расмий баракчасында жарыяланды.Анда айтылгандай, президент Садыр Жапаров ушул жылы Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясына катышып сөз сүйлөп, “2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы”,-деп жарыялоо демилгесин көтөргөн.

Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугуп, АКШнын бийлиги кыргыз президентинин жогорудагыдай демилгесине тең демөөрчүлүк кылып, аны колдоп берүүнү өтүнгөн.

Натыйжада, 9-декабрь күнү АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү тарабынан аталган резолюцияга тең-демөөрчүлүк кылууга макулдук берилип, резолюциянын долбоору БУУнун 16-декабрындагы Пленардык отурумунда каралып, жактырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости