www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Өкмөт «Өзбекстан, Казакстан менен бирге Камбар-Ата– I ГЭСин курабыз» деген билдирүү таратып жатат. Кошуналар менен ГЭС куруу кооптуу эмеспи?
- Өзүбүз курсак жакшы болмок, бирок бизде акча жок. Кандай объект болбосун Кыргызстан өзү курганы алда канча пайдалуу. Мунун бир канча жолу бар. Ири каржы институттарынан насыя алып салсак болмок, бирок банктар кредит бербейт.
Себеби Ленинграддагы «Руссгидронун» энергодолбоору боюнча институту техникалык экономикалык негиздемесин аныктап, «Камбар-Ата–I ГЭСин куруу кирешелүү долбоор эмес» деген жыйынтыгын чыгарган. Россия ушуга таянуу менен долбоордон баш тарткан.
Башка мамлекеттер менен биргелешип демилгелөө жолдору бар. Азыр кошуна өлкөлөр менен куруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтышты, бирок мындай сүйлөшүүлөр мурдатан бери эле болуп келген жана улана берет.
Айтылган боюнча калат, иш жүзүнө ашкан эмес. Орто Азия мамлекеттери биригип, ынтымактуу жашаш үчүн интеграциялык объекттерди курсак жарашмак, бирок тышкы саясатта ири долбоорлорду алыскы, чоң мамлекеттер менен курганга аракет кылышат.
Алар өзүнүн коопсуздугу туурасында ойлонушат. Жакын жайгашкандар менен соода-сатык алакасын жүргүзүшөт, бирок стратегиялык долбоорлорду чогуу кургандан алыс болушат.
- Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «курулуш иштери 2022-жылы башталышы мүмкүн» деди...
- Курулуп баштаган күндө деле эң аз дегенде 15 жылда электр энергиясын өндүрө баштайт. Бул өтө татаал процесс.
Каражат көп керек, 5 млрд. доллардын тегерегиндеги каражат сарпталат. Кыргызстан долбоорго жер, суу менен кирсе деле башка өлкөлөр мындай чоң сумманы чыгарышпайт. Эгерде каражат даяр, үзгүлтүксүз берилип турса, 15-20 жылдан кийин Камбар-Ата–I ГЭСи электр энергиясын чыгара баштайт.
Өзбекстан менен Казакстандын дагы учурда экономикасы алсыз. Дүйнөдө чоң кризис болуп жатат. Ал жакын арада токтобойт, муну баардыгыбыз билебиз. Ошондуктан кошуналар менен ири долбоорду ишке ашырарыбызга көз жетпейт.
- Энергетикалык кризистен тез арада чыгуу жолу барбы?
- Азыркы жетпей жаткан 3 млрд. кВт/саат электр энергияны башка жолдор менен өндүрүү зарыл. Анүчүн эки жыл ичинде бүтө турган базалык станцияларды курушубу керек.
Мисалы, Кара-Кече жылуулук станциясын куруп койсок, суу барбы-жокпу, иштеп турат. Буга Кытайга окшогон мамлекеттер кредит берет. Ал эки жылдын ичинде иштей баштайт, төрт жылда Токтогул ГЭСи менен кубаттуулугу тең болуп, 1200 мегаватты берет эле. Анда сууну тосуп, «мынча жылда толтуруш керек» деген маселе болбойт. Ушунай базалык станцияларды Кыргызстан өзү салып, Камбар-Ата–I ГЭСин кийин бутубузга тургандан кийин деле салса жетишет.
- Буга чейин Россия чогуу куруудан баш тартканын билебиз, анда эмнеге кошуналар макул болуп жатышат?
- Саясатта көпчүлүк учурда кайсы бир сунуштан баш тартышпайт. Баардыгына макул боло беришет, бирок ал дээрлик ишке ашпайт. Россия деле «курабыз» дегени менен эки жылдан ашык убакыттан кийин баш тартышты го. Кошуналардын курулушу күмөн болгон долбоорго макул болгондорунун биринчи себеби – суу жана электр энегриясы. «Эгерде Кыргызстан Камбар-Атаны куруп калса, бизге суу бербей, аны экономикалык рычаг катары колдонот» деген кооптонуу бар. Себеби, биз азыр суунун эң эле аз көлөмүн колдонуп, калганы чек арадан өтүп кетет.
«Биз суубузду сактап калабыз» десек, баалаганга өткөнүбүз туура. Энергетиканы карызга батырып жаткандары менен иши жок, кечээ министр Доскул Бекмурзаев «энергияны кайдан алып келгенибиз менен элдин иши эмне?» деп жатпайбы. Министрдин минтип айтканы таптакыр туура эмес.
Булак: Азия News гезити