www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мигранттар көбүнчө кандай маселелерге туш болот?

Акыркы бир жарым жыл ичинде «Мигранттардын кесиптик бирлиги» коомдук бирикмеси Орусиядагы мигранттарга жалпысынан 11 миллион рубль өлчөмүндө эмгек акы төлөп берүүгө жетишти. Бул тууралуу анын жетекчиси Жамалдин Эшенкулов тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, курулуш жана тазалоо кызматтарында жумуш берүүчүлөр мигранттардын эмгек укуктарын көп бузушат.

«Жаштар Орусияга тиешелүү билими жок кетип жатышат, эмгек мыйзамдары боюнча маалыматы жок. Ошондуктан эмгек келишимин түзүүдө бардык жагын эске алышпайт, кээде жөн эле мыйзамсыз иштешет. Анан айлык төлөөдө кыйынчылыктар жаралат», - дейт Жамалдин Эшенкулов.

Анын айтымында, акыркы жылдары мигранттар өздөрү профсоюз уюмдарына кызыгып жатышат.

«Биздин уюмда 5 миң 403 мүчө бар. Алардын көбү Орусияда иштешет. Жакында Германиядан бир нече кыргызстандыктар биримдикке кошулган. Эми мигранттар өздөрү профсоюзга мүчө болуу үчүн бизге кайрыла башташты. Бул алардын эмгек укуктарын коргоого кызыкдар экенинен кабар берет”, - дейт Жамалдин Эшенкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости