www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасынын аймагындагы бир дагы заставаны алдырган эмеспиз. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.

Социалдык тармактарга тажик тарап бир нече аскердик жайды басып алды деген жалган маалыматтар тараганы белгиленди.

«Бөрү» спецназы бир дагы заставаны алдырган жок. Ооба аткылашты, талкалашты, бирок жоокерлер аскердик жайларды жана өздөрүн мыкты коргошту. «Головной» суу бөлүштүрүү жайын да толук көзөмөлгө алышты. Чагымчыл маалыматтарга ишенбеңиздер», — дешти Чек ара кызматынан.

Эске салсак, кечээ саат 17:00дөр чамасында тажик тарап Кыргызстандын «Капчыгай, «Миң-Булак», «Достук» чек ара заставалары менен «Кожогар», «Булак-Башы» чек ара постторун миномет менен аткылаган. Натыйжада Баткендеги «Достук» чек ара заставасы өрттөнүп кеткен. Мындан улам Кыргызстан УКМКсынын «Бөрү» атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара заставасын басып кирген.

Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.

Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости