www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан Эл аралык соттун алдында жооп берип калышы мүмкүн. Бул тууралуу адвокат Сания Токтогазиева Facebook баракчасына жазып чыкты.
Ал белгилегендей, Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статусун ратификациялаган.
--"Кечээ Тажикстан өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына каршы жасалган иш-аракеттер ачыктан ачык куралдуу кол салуу болгон, эгерде тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлсө, анда бул буйруктарды чыгарган эң жогорку кызмат адамдарынын аракеттери Согушту баштаганы үчүн Эл аралык уюмдун юрисдикциясына кабылышы мүмкүн", - деп жазган адвокат.
Кошумчалай кетсек, Рим статусундагы "Согуш кылмыштары" деген 8-беренеде "согуштук аракеттерге түздөн-түз тиешеси жок карапайым калкка же жеке жарандарга атайылап кол салганы үчүн, ошондой эле жарандык объектилерге, башкача айтканда, аскердик максаттарга ылайыкталбаган объектилерге атайылап кол салуу үчүн" жаза каралган.
Булак: NazarNews.kg