www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-апрелде Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев куралдуу кагылышуулар учурунда аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, биринчи күнү эле облустук штаб түзүлгөн. Штаб бүт күч түзүмдөрүн координациялады. Кечээ согуш 7 саатка созулду. Ал учурда уюлдук байланыштар начар болгондуктан штабдын координациясы керек болду. Анын жыйынтыгында эл коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Болбосо каза болгондор дагы көп болмок.
Кечээ, 29-апрелде саат 20:00до ок атышуулар келишим менен токтотулган. Андан кийин дагы сүйдөшүүлөр жүргүзүлүп, тажик тарап менен протоколго кол коюлду. Бирок түндө бирин-серин атышуулар болуп жатты. Бүгүн Камчыбек Ташиев келип, кайрадан жолугушуу болуп, кечээ айтылбай калган проблемалар, Лейлектеги өрттөлгөн үйлөр боюнча, чек арага жакын аймактарды баштапкы «нулевой» вариантка алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Азыр абал туруктуу. Бирок толук кандуу тынч эмес.
Учурда комиссия түзүлүп иштеп жатат. Лейлекке милициялар жөнөтүлдү. Лейлектин Интернационал айылынын башчысынын тажик тараптын барымтага алышы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын баласы укук коргоо органдарына кайрылган. Учурда комиссия ал айыл башчы тажик тарапта камактабы же жокпу такташтырып жатат. Сүйлөшүү учурунда тажик тараптын бийлик өкүлдөрүнө айыл башчы боюнча маалымат берилди.
Ө.Суваналиев мындан тышкары гуманитардык жардамдарды текши бөлүштүрүү боюнча суроого жооп берди.
«Жана мен президент Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүм. Ал «лично на контроле» кармап, мага «поручение» берди. Мен азыр акимдерге канча медикамент келсе канча гумжардам келет деп азыр жумушчу топторду түзгөнбүз. Анын жетекчиси вице-премьер-министр А.Новиков. Гумжардамдардын баары ӨКМге келет. Бирок анын баарын биз жергиликтүү бийлик бөлүштүрөбүз. Ошондо эки эсе көзөмөл болот», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg