www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Бүгүн, 2-май карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн түнү кандайдыр бир окуя же атышуу катталган жок. Ош – Исфана жолунда унаалардын кыймылы тоскоолдуксуз жүрүүдө.

Тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгара башташты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча комиссиянын иш-аракеттерин координациялоону УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жүзөгө ашырат.

УКМКнын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости