www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Тажиктер кылмыштуу агрессивдүү биздин аймакка кирип келип, үйлөрдү, мекемелерди талкалап, өрттөп, өз желектерин сайып чыр эмес, согуш кылды", - деди бүгүн 2-майда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков. 

-Чек арадагы чырды  биздин бийлик ырбатпайлы деген максатта тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок, алар согушууну максат кылып алгандыктанбы, сүйлөшүүлөр оң жыйынтыгын бербей жатат.  Мындай учурда кандай жооп кайтарышыбыз керек?

-Биринчиден, чек арада чыр эмес, кадимкидей согуш болду. Тажиктер кылмыштуу агрессивдүү биздин аймакка кирип келип, үйлөрдү, мекемелерди талкалап, өрттөп, өз желектерин сайып, жөнөкөй жарандарыбызды аткылашып, өлтүргөн мисалдар чыга баштады. Муну фашисттик кылмыштуулук десек болот. Ошондой эле алар “биз муну жөн эле жасаган жокпуз. Бул жер жакын арада биздин туруктуу жерибиз болот” деп Кыргызстанга таандык аймакка көз артышууда. Тажикстандын бийлиги согуш менен болсо да, кыргыздын жерин алабыз, суусуна ээлик кылабыз деген максаты болгон үчүн өзүнүн жергиликтүү элине курал таратышкан. Азыр эли бийлигине баш ийбей, ошол куралдар менен фашисттик кылмыштарды жасап жатышат. Тажик бийлигинин куралчан жарандарына алы жетпей калган үчүн   эки тараптуу сүйлөшүү болуп, аскер техникаларын чек арадан алыс алып кетебиз, ок атууну токтотобуз дешкенинен майнап чыкпай жатат.

-Тажиктин бийлигине баш ийбейт деген тобу кыргыздын жерин майкандап, үйлөрүн өрттөп, жарандарыбызды өлтүрө берсе болобу?

-Туура алар талкалай берсе болот, биздин эл унчукпай тура берет дегенге кепилдик жок. Жергиликтүү элдин жакындары каза болуп, үй жайлары өрттөнүп кеткендер колуна курал тийсе, тажиктерди да так ушундай абалга алып келип коюшу мүмкүн. Бирок, ал учурда абал курчуп,  узак убакытка созулган согушка айланып кетет. Ошон үчүн биздин бийлик тажиктердин кыргыздарга кылып жаткан кылмыштарын баарын ачык айтып, куралчан  жарандарыңарды токтоткула, курал жарагыңарды алгыла. Болбосо силерге жооп кылып коюшса, элибизди токтото албай калабыз. Абал кыйындап кетет деп катуу эле айтышы керек болчу. Ошондо гана тынччылыкка келген позиция орун алат беле?

-Биз согушту көсөгөндөргө татыктуу жооп бере албай жатабызбы же маселени тынчтык жолу менен чечүүгө бел байлап алдыкпы?

-Эмнегедир биздин бийлик тынчтык менен чечебиз дегенге бел байлап, ошонун негизинде иш аракеттерди жүргүзүп жатат. Бирок, тилекке каршы, тажиктер биздин аймакка кирип алып, кылмыштуу иштер менен алек болгонун токтотуша элек. Өкүнүчтүүсү, алардын бул аракети чоң жарага айланат. Ошон үчүн биздин бийликтегилер өтө тез ойлонуп, бул маселени ыкчам чечкенге аракет кылышы керек. Ошондой эле биздин куралдуу күчтөрдү жана жергиликтүү тургундарды күчтөндүрүшү керек. Биз чек ара маселесинен мурун элибизди сактап, коопсуздугун коргоого алганга аракет кылышыбыз зарыл.

- Курчоодо калган айылдардын тургундары аскер жөнөткүлө, атууга уруксат бергиле деп ыйламсыраган сөздөрү интернет аркылуу тарады. Неге биздин бийлик ок атууга буйрук берген жок?

-Жогору жактагылар тынчтык келишимине кол койгондон кийин ошону ыйык тутуп, согушту ырбатпайлы деп тынчтык жолу менен эптеп согушту токтотууга аракет кылалы деп жатышты. Тажик тарап келишимге кол койгондон кийин да эмнегедир берген убадалары аткарылбай тажиктин куралданган жарандары согушту узакка созгусу келди.

-Тажиктин бандиттик топторун атайын шыктап ишиңерди уланта бергиле деп атышкан жокпу?

-Тажиктин бандиттик топторун кой-кой демиш болуп, тымызын аларды шыкап жатат деген да кептер айтылды. Эгер бул анализдер туура болсо, тажик бийлиги согуштун жакын арада токтошуна анча деле кызыкдар эмес деп түшүнсөк болот. Сыягы, алар элибизди кууп чыгып, бизге таандык жерлерди ээлеп, жер, суу бөлүшүүдө үстөмдүк кылуу үчүн да ушул ыкманы колдонушу мүмкүн. Бирок, кандай болгон күндө дагы чындык да, жеңиш да биз тарапта. Биз жерибизди, мекенибизди коргогонго салымыбызды кошушубуз керек. Бийлик чечкиндүү болуп, ыкчам чечимдерди кабыл алып, профессионалдуу топторду түзүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости