www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тажиктер оор абалдан чыгыш үчүн ар кандай чырларды чыгарышып, Кыргызстанга согуш жарыялады”, - деди бүгүн, 2-майда NazarNews маалымат агенттигене саясатчы Кубанычбек Кадыров.
-Дүйнөдө суу, жер талашууда ар кандай чыр-чатактар чыгып, согуштар болуп келген. Акыркы 30 жылды карап көрсөк коңшу мамлекеттерде адамдардын өсүшү тездик менен көбөйүп, жер, суу таңкыстыгы сезиле баштады. Ошондой эле ковид илдети пайда болгондон бери көпчүлүк мамлекеттерде акча, азык-түлүк маселеси жаралып, ал адамдардын психологиясына таасирин тийгизе баштады.
Эксперттердин айтымында Тажиктстанда дагы саясий экономикалык абал жакшы эмес. Ошондуктан оор абалдан чыгыш үчүн ар кандай чырларды чыгарышып, элин алаксытуу үчүн Кыргызстанга согуш жарыялап да жатышы мүмкүн. Ошондой эле дүйнөлүк саясий оюунчулардын арасында кимибиздин таасирибиз күчтүү деген мааниде эки элди атайылап, чабыштырышы дагы ыктымал. Ошондуктан, биздин мамлекет тез аранын ичинде ООНго кайрылып, эки мамлекеттин ортосундагы чечилбей жаткан суу, жер маселесин калыс чечип берүүсүн суранып, элдин тынч жашоосу үчүн кам көрүшү керек - деди Кадыров.
Булак: NazarNews.kg