www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизде өзгөрүүгө башка жол бар экенин ушундай учурда түшүнүүнү каалабасак анда биздин келечегибиз бүдөмүк бойдон калат...Бул жол - өнүгүү жолу! Өзүңдү өзүң таануу жолу. Чыныгы илим-билим, таза маданиятка кадам таштап, жан-дүйнөбүздү байытуу жолу.
Учурдагы кырдаал сен Ала-Тоону сүйөөрүңдү даңазалап канчалык айгай салып бакырганыңдын, Мекен намысын коргоп, ураан чакырып жаныңды саюуга даяр экениңди далилдөөгө далалат жасаганың менен көөдөнүң сокур болуп турса, алыска бармак тургай, алдыңдагы арыкты аттай албай алдастап калаарыбызды көзүбүзгө сайып көрсөткөндөй эле болду...
Чыныгы кадрлардын кадырын кетирбей аларды баалоо, билимдүү профессионал адисттерди даярдай жана өз ордуна иштете билүүнү үйрөнүү мезгили келди. Ал үчүн билим берүүгө чындап көңүл бөлүү зарыл...
Эгерде ар бир адам өз ордун, деңгээлин билип иштесе учурдагыдай туңгуюкка кептелмек эмеспиз...
Жоопкерчиликтүү кызматтарга өз таанышын, өз баласын, өз тууганын алып келип отургузуп турбаса өлкөбүз да өксүмөк эмес... Фейктердин армиясын түзүп, жалган жерден Жаратман болбосок жарга кептелмек эмеспиз!
Биз мындай кемчилдигибизди моюнга алышыбыз абзел. Өзүбүз кетирген катачылыктан жыйынтык чыгара билсек анда биз ЧЫНЫГЫ АДАМБЫЗ!
Сайпидин Султаналиев, NazarNews.kg