www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СОГУШ БҮТТҮ деп айтылды, бирок....

Тажикстандын согуш баштоодогу максаты - Ворух менен Чоркуну (Исфара) туташтыруу, биздин Көк-Таш, Ак-Сай айылдарыбызды, Головнойду (суу бөлүштүргөн жерди), басып алуу болгон. Алар алдын ала даярданганы дароо көрүндү. Колдоо тууралуу Иран менен макулдашып, аба майданын коргоо тууралуу Орусия менен макулдашып, анан кол салды.

Биздин каарман жоокерлер душмандын арам оюн таш каптырышты. Биринчи салгылашуу "Головнойдо" болду. Аны кайтарып отурган бизди ички аскерлердин "Шер" спецназынын 10 жоокери каармандарча салгылашып, 8и жаракат алды. Чек ара аскерлердин атайын багыттагы кошууну жардамга келип, кол салган тажик аскерлерин артка сүрүп, миномёт менен аткылап жаткан заставасын ээлеп алышты. Биздин чек ара аскерлердин "Бөрү" спецназ отрядына терең таазим. Ал операцияда 3 баатырыбыз курман болду.

Планы ишке ашпай калган Рахмон, Лейлектин ылдыйкы зонасы деп аталган айылдарыбызга авиация, артиллерия жана оор техниканы колдонуу менен кол салып, тынч жаткан элге ок атып, бир нече айылды ээлеп, үйлөрдү өрттөдү. Биздин аскерлер ал тарапта бир аз артка чегинди, бирок душмандын андан ары жылуусуна бөгөт койду. Андан сырткары, Баткен шаарына жакынкы Кызыл-Белге да кол салуу аракетин кылышты, бирок анысы ишке ашпады.

Биздин аскерлер эл аралык согуш эрежелерин бузбай, катардагы тажик жарандарын атпай, тажик аскерлери менен гана согушушту жана Тажикстандын территориясына кирген жок (алынган заставаны санабаганда). Тажик тарап кылмыштарга барды. Аны үчүн жооп берет эртедир-кечтир.

Тажиктер биздин аскерди Ворухка кирет деп күткөн, Ворухтун элине курал тараткан, атайын даярдалган боевиктерин жеткирген, бирок биз провокацияга алдырбадык.

Жаңжал башталгандын эртеси Орусия "Мы наблюдаем за конфликтом" деп, анан качан гана Рахмондун планы ишке ашпай калганда, кыргыз жоокерлеринин мыктылыгын көргөндө "Мы готовы выступить посредниками" деп калды. Аларды ортомчу кылбай, эки тарап өз алдынча сүйлөшүп алганы туура болду. ЖККУ (ОДКБ) уюмунун мааниси биротоло жоголду. Окуяны эми эл аралык коомчулук жана саясатчылар талдап, өз баасын берээр. Биздин саясатчылар кимдин ким экенин эми түшүнөөр.

Согуш бүтүп жатат деп айтылды. Тажиктер чегинип, ээлеп алган айылдарды бошотуп жатат. Жаңы согуш коркунучу жоголгон жок бирок. Ал биздин аскер башчылардын иши. Армияны күчөтүп, дислокацияларды өзгөртүшөөр.

Азыркы биздин милдет - жабыр тарткан калкка жардам берүү. 20 миң адам качкын болду. Тажиктер өрттөп салган, тоноп кеткен Лейлектин айылдарынын миңдеген жашоочуларына жаңыдан жашоо башташына жардам берели. Той-топур, ооз ачырмай, шаң-шөөкөттү токтото туралы, ошого кеткен каражатты баткендиктерге жөнөтөлү. Эч кимибиз четте калбайлы. Тапкан акчабызды ошол муктаждарга бөлүшөлү. Согуш бүттү деп аларды унутуп койбой, эч болбосо алдыдагы 3 ай ичи тынбай жардам жөнөтүп туралы.

ТАКТОО: Акыркы маалымат боюнча, келишимди аткарууга шашпай, тажик аскерлери Лейлектин 2 айылын бошото элек экен. 1-майда саат 11:00дө атышуу Төрт-Көчөдө да кайра башталды.

Savaşın bittiği söylendi, ama....

Tacikistan'da savaşın başlamasının amacı, Vorukh ve Çorku (Isfara), Köylerimizin Kok-Tash, Ak-Sai, glavnoe (havza) tarafından ele geçirilmesiydi.

Önceden hazırlandıklarını hemen görebilirsiniz. İran ile destek için anlaştı, hava sahasını korumak için Rusya ile anlaştı ve sonra imzaladı.

Cesur savaşçılarımız kirli düşman oyununu taşladılar. İlk kavga "kafa" idi. Onu koruyan cher iç birliklerinin 10 özel kuvvetler savaşçısı cesurca savaştı, 8 kişi yaralandı. Özel amaçlı sınır birliklerinin müfrezesi, kurtarmaya geldi, tacik askerlerinin saldırganlarını itti ve bir harç karakolunu işgal etti. Sınır muhafızlarımızın özel Kuvvetleri'ne derin bir saygı. Bu operasyonda 3 kahramanımız öldü.

Planı başarısız olan rahmon, hava, topçu ve ağır makinelerle sözde leylek alt bölgesinde köylerimize saldırdı, sivillere ateş açtı, birkaç köy ele geçirdi ve evleri ateşe verdi. Birliklerimiz bu tarafta biraz geri çekildi, ancak düşmanın ilerlemesine izin vermedi.

Buna ek olarak, Batken kasabasına en yakın Kızıl Bel'e saldırmak için bir girişimde bulunuldu, ancak başarısız oldu.

Askerlerimiz uluslararası savaş kurallarını ihlal etmedi, sıradan Tacikistan vatandaşlarını vurmadı, sadece tacik birlikleri ile savaştı ve Tacikistan topraklarına girmedi (yakalanan karakolları saymazsak). Tacik tarafı suçlara gitti. Er ya da geç cevap verilecek.

Tacikler, askerlerimizin Hırsızlara girmesini, hırsızların halkına silah dağıtmasını, özel olarak eğitilmiş militanları teslim etmesini bekliyordu, ancak provokasyonlara boyun eğmedik.

Çatışmanın başlamasından bir gün sonra Rusya, "çatışmayı izliyoruz" dedi ve Rahmon'un planı başarısız olduğunda, "arabuluculuk yapmaya hazırız." İki tarafın arabuluculuk yapmak yerine bağımsız olarak anlaştığı doğruydu. KGAÖ organizasyonunun önemi

It was said that the war was over, but....

The purpose of the beginning of the war in Tajikistan was to unite Vorukh and Chorku( Isfara), capture our villages of Kok-Tash, Ak-Sai, Golovnoye (watershed).

You can immediately see that they are prepared in advance. I agreed with Iran on support, I agreed with Russia on the protection of the airspace, and then I signed it.

Our brave warriors threw stones at the unclean game of the enemy. The first fight was on the "head". 10 soldiers of the special forces of the Internal Troops "Sher", who were guarding it, fought bravely, 8 were injured. A special purpose detachment of the border troops, coming to the rescue, pushed back the attacking Tajik troops and occupied a mortar outpost. A deep tribute to the special forces unit " Bor " of our border guards. In this operation, 3 of our heroes were killed.

Rakhmon, whose plan failed, attacked our villages in the so-called lower Leilek zone with the use of aviation, artillery and heavy equipment, opened fire on the civilian population, captured several villages and set fire to houses. Our troops retreated a little on this side, but did not allow the enemy to advance further.

In addition, an attempt was made to attack Kyzyl-Bel, the closest to the city of Batken, but it failed.

Our troops did not violate the international rules of warfare, did not shoot ordinary citizens of Tajikistan, fought only with Tajik troops and did not enter the territory of Tajikistan (not counting the captured outpost). The Tajik side has committed crimes. Sooner or later, they will answer for it.

The Tajiks expected our troops to enter Vorukh, distributed weapons to the people of Vorukh, and delivered specially trained fighters, but we did not succumb to provocations.

The day after the conflict began, Russia said that "We are watching the conflict," and when Rahmon's plan failed, "We are ready to mediate." It was right that the two sides agreed on their own, and not mediated. The significance of the CSTO organization

Последние новости