www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу эки бир тууган өлкөнүн ортосундагы көйгөйдүн тынчтык жолу менен чечилишинин эң чоң каалоосу экендигин жана керектүү колдоонун көрсөтүлө тургандыгын айтты.

Чавушоглу кесиптештерине, кол коюлган ок атышпоо келишимине канааттанганын да билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аймакта суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасындагы чырдан улам келип чыккан куралдуу жаңжалда эки тараптан 43 адам каза болуп, 253төн ашуун адам жаракат алды.

Последние новости