www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Согуш" - деп атоо туура эмес. Бул- фашисттик баскынчылык! Буйруса Баткенибиз тынч! Элден айланайын эл элди багып, өз киндигин өзү кести. Жер которуп келген тургундар элге аябай ыраазы. Бул тууралуу пикирин журналист Эрлан Бекчороев жеринен социалдык тармагына жазып чыкты.

Ага кошумча: "Бирок баскынчы Тажиктердин колунан каза тапкан мекендештердин өлүмүнө түздөн-түз бийлик күнөөлүү. Жеринен угуп отурсаң көптөгөн каталарды кетирген. Өлүм боюнча Тажиктерди каргап шилегенибиз менен өлүмдүн келип чыгышына, душмандын айылдарыбызды бастырып кирип келишине алдын албаган бийлик, тийешелүү кызматкерлер күнөөлүү. Жооп бересиңер! Канча бала ата-энесиз, канча ата-эне мөлтүрөгөн балдарынан айрылды. Кылмыштуу шалаакылыкка бардыңар. Кечирилгис чоң ката! Ал эми Тажиктерге түбөлүктүү кек жүрөгүбүздө калды!

Убагында түзүлбөгөн "Республикалык Штаб" бүгүн түзүлдү. Бул жеткен шалаакылык. Болбосо Штабды түзгөн эл, бири-бирине жардам берген эл. Бийликтин бир дагы салымы жок. Убагында ачылбаган Штабды жаап эле койгула.

Дүйнөлүк коомчулукка мамлекет катары маалыматтык согуштан алдырдыңар. Мамлекеттик информациялык саясат туура кеткен жок. Баарын байкап турган журналисттер бийликтин канча кемчилигин билип турса дагы бир муштумга биригип дүйнөгө бизге керектүү маалыматтарды таратышты. Сиздерге терең ыраазычылык! - деп билдирге Эрлан Бекчороев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости