www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууда жарылбай калган снаряддарды жардыргыч заттарды зыянсыздаштыруу иш аракеттери жүрүүдөө.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө 2-майдан тарта жардыргыч заттарды зыянсыздаштыруу жана жок кылуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, Баткен облусунун окуя болгон аймактарында Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын  инженерлери иш алып барууда.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катуу чыккан үндөн чочулабоосу керектигин  жана снаряддарды таап алса аларга тийбестен адистерге кайрылуусу тууралуу эскертүү берилип жатканын коргоо министрлиги билдирди.

Жумушчу топ Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан Максат, Кулунду, Карабак, Достук, Миң Булак, Самаркандек, Ортобоз, Көк-Таш, Аксай ж.б  айылдарында иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости