www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 1-майындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациянын №39 Протоколунун экинчи жана үчүнчү маселеси боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары Лейлек районунун аймагында жайгашкан №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейинки тилкесин жана Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки тилкесин гана жазууга пайдаланылат.

Капчыгай (Танги) калктуу пунктунун чыгыш тарабынан айланма «Ходжаи Аъло – Ворух» унаа жолу Баткен районунун факт жүзүндө пайдаланылуучу жерлеринде биргеликте курулат.

Аталган унаа жолунун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат.

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазууга киришүүнү макулдашты.

Ошол эле учурда унаа жолунун курулушу Баткен районунун аймагы боюнча тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости