www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арачылар Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө тыюу салуу боюнча билдирүү алышты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери Kaktus.media сайтына билдиришти.

Алардын айтымында, Чек ара кызматынын кызматкерлерине Токторбаевдин чек арадан өтүп бара жатканы аныкталса, анын өтүүсүнө тыюу салуу керектиги тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн.

Билдирүү Чек ара кызматынын кызматкерлеринин арасында таратылып жатканы айтылууда.

Бул чечимди кайсы орган жана эмненин негизинде кабыл алганы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Токторбаев бир күн мурун Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында суракка алынганы кабарланган.

Экс-мэрдин аты буга чейин муниципалитеттин каржылык милдеттенмелерине байланышы бар экни айтылган.

Ал эми, Жеңишбек Токторбаев социалдык тармактарда Ош мэриясынын подрядчыларга карызы бар экенин, бирок бул сумма, анын айтымында, интернетте тараган 12 миллиард сомдук көрсөткүчтөн бир топ аз экенин билдирген.

Последние новости