www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швециянын чек арачылары курал жана “Зомби мергенчилери” деген жазуу менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган немец жарандарын кармашты. Бул тууралуу LAD Bible басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алардын автоунаасынан башка дагы чапталган жазуу табылган. Анда “Бардык вирус жуктурган адамдар аттырылат” деп жазлган. Унаанын салонун жана багажыг тинтүү учурунда чек ара кызматкерлери ок атуучу курал: мылтык, тапанча, жебе, көздөн жаш агызуучу газ балондор жана урма шаймандар табышкан.
Германиянын эки тургуну уруксаты талап кылынган курал-жаракты ташып келүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Жубайлардын айтымында, ок атуучу куралдар жана башка буюмдар жөн кооз жасалгаланган жана аларды колдонууга болбойт.
“Сурак учурунда зомбилерди атуу боюнча эч кандай маалымат алынган жок”,-деп өлкөнүн прокурору билдирген.
Булак: NazarNews.kg