www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-майдан тартып УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда маалымат жыйын учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, айлык акыны 5 миң сомго жогорулатуу пландалууда.

«Чек арачылардын, аскер кызматкерлеринин жана башка күч органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселеси кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууга чейин эле каралып жаткан», - деди Кармышаков.

Ал өкмөттүн токтом долбоору даярдалганын, ал боюнча бир жылга кошумча 700 млн сом керектелерин айтты.

«Бул УКМКнын Чек ара кызматына гана. Кечээ бул маселени министрлер кабинетинин төрагасы менен дагы талкуулаганбыз. Маселе дээрлик чечилди, токтомго гана кол коюу керек», - деди Кармышаков.

Ал 1-майдан тартып чек арачылардын айлык акысын УКМКнын кызматкерлеринин эмгек акысы менен бирдей кылышарын белгиледи.

«Себеби бул эки мекеме бириккен. Май айынан декабрга чейин 460 млн сомдой керектелет», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости