www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү

КР президенти менен өкмөтүнүн мурунку аппараттарынын базасында президенттин администрациясы түзүлүп, жетекчиси болуп кайрадан эле Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«11-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында КР президентинин администрациясы түзүлдү», - деп айтылган маалыматта.

Администрация жетекчилиги боюнча Жапаровдун төмөнкүдөй жарлыгы чыккан:

Сүйүнбек Касмамбетов - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Медербек Сатыев - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Бектур Зулпиев - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Жеңишбек Асанкулов - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости