www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Депутаттар Баткенге баргандан көрө чукул эл аралык коомчулукка жана БУУга кайрылышы керек болчу”, - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев.

 --“Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге баргандан көрө чукул сессия өткөзүп, эл аралык коомчулукка, БУУга кайрылуу кылыш керек эле! Алар кыргыз элинин атынан Кыргызстан тажик террористтерине туш келди, бул тек гана чек ара конфликти эмес. Бул аскер агрессия, эл аралык терроризм болду деген чыныгы ойду жеткизиш керек! Бул өтө маанилүү нерсе! Ошондо гана Тажикистандын бийлигин эл аралык коомчулук тартипке чакыра баштайт.

Каза болгон 36 кыргыз атуулуна, жаракат алган 200го жакын атуулдарыбыз үчүн, күйүп кеткен 200гө жакын үй-мүлктөр үчүн жана айла жок өз үйлөрүнөн көчүрүлгөн 27 миң качкындар үчүн жооп берүүгө эл аралык шарт түзүлмөк. Күзгү шайлоону ойлобостон, Кыргызстандын эл аралык аброюн, келечегин ойлош керек. Ошондо жакшы аброй менен тарыхта калышат. Азыр дагы кеч эмес”, - дейт Акматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости