www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Google компаниясы жакында сүрөттөрдү сактоо үчүн Google Фотодогу "жогорку сапаттагы" акысыз жана чексиз сактагычты берүүнү токтотот.

Google 2020-жылдын ноябрь айында жарыялагандай, 2021-жылдын 1-июнунан тарта Google аккаунтун сактагычына жүктөөдө жаңы сүрөттөр жана видеолор эсептелип 15 ГБ акысыз берилет. Эгерде андан көп ГБ колдонууну каалагандар болсо Google One тиркемесин сатып алуу менен төлөм жүргүзүшөт.

1-июнга чейин жүктөлгөн сүрөттөр менен видеолорго чек коюлбагандыктан, колдонуучулар Google Photos колдонмосундагы бардык зарыл болгон сүрөт, видеолорду сактап калууга кам көрүсү керек.

Бирок, колдонуучулардын бир категориясы үчүн баары өзгөрүүсүз калат. Бул Pixel 5 жана башка Pixel сериясындагы смартфон ээлери чексиз жогорку сапаттагы сүрөттөрдү жана видеолорду акысыз сактагычка жүктөй алышат.

Булак: NazarNews

 

Последние новости