www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз бийлигинин сабырдуулугун туура эмес жакка буруп, көрүнгөн короого котур таштарын ыргытып жүрүшкөндөр да бар», - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек мырза, биз чек арада чыккан чырда тажиктерге тете жооп бербей тынчтыкты сактоого, согушту токтотууга аракет кылганыбыз акылдуулукпу же алсыздык болдубу?

- Коомчулук кыргыз бийлигинин ушул согуштагы аракеттерине ар кандай баа берип, кол чабуудан баштап, бурчка коюп атып салуу керек дегенге чейин жетишти. Мамлекет башчысынын мамлекеттүүлүктү сактап калууда сабырдуулук кылганы утуш болду. Акылдуулук болду. Чындыгында иттерге иттей ырылдабай, тыкыр көз салуу менен согушту токтотуунун ушул жолун тандап, аны жүзөгө ашырган кыргыз бийлигине бүгүн дүйнө өзү таң берип турат.

Ооба, мындай чечим да оңой-олтоң болбосо керек. Бир катар айылдарыбыз өрттөлүп, жарандарыбыз каза болуп, мамлекеттин башына коркунуч жаралып турганда, сабырдуулук кылуу, сүйлөшүүгө барууга акылдын акылы керек болчу. Кудайга шүгүр, учурунда токтото алдык. Акылга келдик, сабырдуу болдук.

Бирок, ошол эле учурда кыргыз бийлигинин сабырдуулугун туура эмес жакка буруп, көрүнгөн короого котур таштарын ыргытып жүрүшкөндөр да бар. Демек, мындай баатырларга Кыргызстандын кереги деле жок, де-юре, басмачыларга кул болсо да, де-факто, бийлик ушулардын колунда турган Кыргызстан зарыл окшойт.

- Кыргызстанда дагы тажиктерге жан тарткандар бар деген маалыматтарга ишенсек болобу?

- Албетте, бар. Алар келерки кадамды Рахмон Маскөөдөн кайткандан кийин жасайт... Бирок, тажиктер кыргыз жерине басып алууга баштагыдай батына алышпайт. Көз алдыма бир кезде Кувейтти басып алып, шермендеси чыгып, кийин өзү курмандыкка айланган Ирактын падышасы Саддам Хусейин түшүп тургандай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости