www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Өмүрбек Текебаев Жеңиш Молдокматовдун камакка алынышын «саясий куугунтук» деп атады. Бул тууралуу ал 7-майда «Жалбырак» каналына курган маегинде айтты.

«Жеңиш Молдокматов «бийлик органдарынын имаратын басып алууга аракет кылды» деген жүйө эч кимди ынандырбайт. Бул күлкү келээрлик. Акыл-эси жайында элдин баары Молдокматов өз позициясынын курмандыгы болду, бул - саясий куугунтук деп кабыл алышты. Мен да ушуну баса белгилейм, Жеңиш Молдокматовду камакка алуу - саясий куугунтук», - деди Текебаев.

Ошондой эле ал 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин коомдук-саясий кырдаал туруксуздашып, 6-октябрдан 15-октябрга чейин өлкөдө иш жүзүндө бийлик болбогонун белгиледи. Молдокматовду ошол учурдагы бийлик органдарын басып алууга айыптоону туура эмес деп эсептей турганын билдирди.

Буга кошо Текебаев президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, 6-15-октябрь аралыгындагы он күндүн барагын жабууну сунуш кылды.

Эске салсак, Бишкек шаардык милициясы былтыркы парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматовду 6-майда 48 саатка камакка алган. Бөгөт чарасы 8-майда каралат.

Өз кезегинде Жеңиш Молдокматов ИИМге сурак берип чыккандан кийин видео кайрылуу жасап, октябрь коогалаңы боюнча Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да суралышы керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости