www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркстан облусунун Полиция департаментинин кызматкерлери Улуттук коопсуздук комитетинин Түркстан облусу боюнча департаментинин өкүлдөрү менен бирге «Сарыагаш» аттуу кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр өзбек-казак чек арасында жайгашкан «Капланбек» чек ара өткөрмө бекетинде Борбор Азия өлкөлөрүнө оор жүк ташыган айдоочуларды опузалап, 15000ден 50000 теңгеге ( 40-133 доллардын тегереги) чейин алып турушкан.

Айдоочулар баш тарткан учурда кылмышкерлер аларды сабап, унааларынын айнектерин талкалап, дөңгөлөктөрүн жарып салганга чейин барышкан.

Жалпысынан 13 киши кармалды, алардын баары Түркстан облусунун жашоочулары.

Учурда бул факт боюнча «Опузалоо» беренеси боюнча тергөө амалдары башталды. Шектүүлөр камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости