www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арада кармалган кыргыз жана тажик жарандары бошотулду

Чек арада кармалган кыргыз жана тажик жарандары бошотулду, - деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары бүгүн эртең менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости