www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров: «Кумтөрдү» иштетип кете алабыз»

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга убактылуу өтсө адистер ага даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Парламент бүгүн саясий чечим кабыл алып колдоп берсе биз финансылык жактан даярбыз. Алтынды өзүбүз сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдерди үч айда бүтүрдүк. Үзгүлтүккө учурабайт. Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз. Финансы министрлиги 25 млн долларга тийиштүү насыя бергенге даяр. 2006-жылы да жумушчу топтун жетекчиси болуп турганда мен министр катары «Кыргызалтын» ишканасына 25 млн доллар берип, алтынды үзгүлтүксүз сатып алып, кайра сатып турганбыз. Теңгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки жараныбыз келди. Алар «Кумтөрдөн» да чоң ишканаларды иштетип жүргөн. Укук коргоо органдары менен да коопсуздук жагынан иштеп жатабыз. Бешинчи күнү чет жактан өчүрүү болду. Азыр бул боюнча да иштеп жатабыз», – деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик комиссия министрлер кабинетине Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун берди. Ошондой эле укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага кенге байланыштуу буга чейин жетишилген келишимдерге кол койгон, аларга катышкан мурдагы президенттерге, премьер-министрлер менен тиешелүү жетекчилерге юридикалык баа берүү сунушталды.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости