www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самат Ибраев Жапаровдун ишенимдүү адамы болуп “Кумтөрдүн” тагдырын чечимиш болуп жүрөт. Мындай пикирди саясатчы Токтайым Үметалиева айтты.
5 000000 долларды бир топ жарандардан алдап алып, баарын чыркыратып качып кеткен Данияр Ибраев деген жигиттин атасы депутат Самат Ибраев Жапаровдун ишенимдүү адамы болуп “Кумтөрдүн” комиссиясынын ичинде активдүү кыргыздын тагдырын чечимиш болуп жүрөт. Ошондой эле ал, Улуттук китепканага жубайы Иманкулова Нуржан Рахимовнаны жетекчи кылып дайындатты.
Бул жубайлар 2018-2020-жылдары баласы аркылуу 5 000000 доллардан ашык акча элден алдап чогултуп, бир топ объектилерди салып, кайра сатып байышкан.
Баласы Болгарияда кармалып этап менен Кыргызстанга качан эле алынып келиш керек эле. Бирок Ибраевге өйдө карап иш алып бара турган ички иштер органдарында адам жок. Себеби пара бар.
Иманкулова айым сотторду тоготпойт. Бир дагы сотко келип койбойт. Карызы боюнча сөз болгондо зайыбы экөө оруп калат.
Акчасын алдыргандар чыркырап атасынын ашын бере албай. Булар болсо, беш маал намазка жамынып, эң кымбат Фрунзе комплексине окшогон элиткалардан алып, балдарын эң бир кымбат баалуу чет өлкөлүк мектептерге окутуп жүрүшөт.
Алданган элдин көзүнөн каны төгүлөт. Булар болсо мен мендеген ресторанда элдин тагдырын чечимиш болуп жүрүшөт. Жапаровдун да тагдырын чечип калышпаса болду. Буларга Алланын да алы жетпейт го.
Самат акебиз болсо өзүнчө “отдел кадр” болуп жакындарын ишке орноштуруу менен алек. Болгондо дагы акчаны тымызын таба турган жерлерге жумушка орноштурат экен.
“Улуттук китепканада миллион долларлар турган китептер жоголду” деген имиштер дагы аз эмес. Ал жерде кээбир китептер “миллион” деген долларларга бааланган. Керек болсо дүйнөдө жок Куран китептер бар эле. "Апостол " деген баа жеткис китеп алмашып кетти деп чыркырагандар да болгон. Ошондой жоопкерчиликтүү жерге Самат Ибраев келинчегин бекер алып барган жок. Бул китепкананын мурдагы директору да бекер башка ишке көтөрүлүп кеткен жок.
“Саякбай” фонду болуп, улуу атабыздын атын сатып, меценат болумуш болуп жүргөн бул үй-бүлө өз баласын шылуундук менен байыганга түрткөн. Самат Ибраев өзүн эмнегедир Сооронбай менен Садырга абдан керектүү профессионалдар катары эсептейт. Мунун артында көп нерсе бар окшойт? Өз баласынан байлык артык болгон депутат кимди жыргатат?”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg