www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларга байланыштуу быйылкыга пландалган акчаны ала албай калса донорлорго кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Анын айтымында, быйыл «Кумтөр Голд» компаниясынан 10 миллиард сомго жакын акча түшүүсү пландалган, донорлорго кайрылуудан тышкары башка да жолдор каралган:

«Эгер биз утулуп калган вариант боло турган болсо жетпей калган ошол 10 миллиардга жакын акчаны башка иш-чаралардын негизинде толукташыбыз керек. Биринчи кезекте донорлор менен иштемей. Экинчи вариант - мурунку карыздарды пролонгациялоо жолу. Үчүнчү жолу – чыгымдарды оптималдаштыруу».

Кармышаков билдиргендей, 1993-жылдан бери Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке салык түрүндө 80,5 млрд сомдой акча түштү.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. - канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости