www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр голд компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын кортундусу угулуп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында докладчылардын бири Теңиз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc. компаниясына каршы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жалдаган компаниялар менен юристтерди атады.
«Биз Arnold & Porter компаниясынын юристтерин жалдадык. Бул — арбитраждык сот боюнча 2020-жылдын эң мыкты 20 юридикалык компаниянын бири. Канадада болсо Goodmans компаниясы менен иштешип жатабыз. Алар алдыңкы жети ишкананын бири болуп саналат. Юристтердин айтымында, биздин позициябыз мыкты деңгээлде. Биздин ар бир кадамыбыз юристтер менен макулдашылган», — деди ал.
16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.
Эске салсак, 12-майда Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын» билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg