www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын медициналык мекемелерине энелери таштап кеткен беш жаш бала Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигин маалымат кызматы билдирди.
Балдарды мекенине кайтаруу КРнын РФдагы Элчилигинин көмөгү менен уюштурулууда
Россия Федерациясынын медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 2 жашка чейинки беш бала Москва облусунан Кыргызстанга кайтарылды.
Балдарды мекенине кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жардамы менен уюштурулууда.
Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден кийин балдар убактылуу балдар мекемелерине жайгаштырылат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги мындан ары биологиялык үй-бүлөлөр менен биригүү үчүн балдардын туугандарын издеп жатат.
Белгилей кетсек, быйыл ата-энесинин камкордугусуз калган 11 бала мекенине кайтарылды. Алты бала Россия Федерациясынан.
Булак: NazarNews.kg