www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы коогада жапа чеккен жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Көк-Таш, Максат айылдарында жана Баткен шаарында көчмө тейлөө борборлору жарандардын арыздарын алышты.

"49 паспорт (ID-карта), 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 10 нике күбөлүгү, 12 айдоочулук күбөлүк, 1 транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүгү, 7 маркумдун өлүмүн тастыктоо күбөлүгүн алуу боюнча арыз келип түшкөн. Мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, сүрөткө тартып, тиешелүү маалыматтарды топтошту.

Мындан тышкары кандуу кагылышта жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан 4 жарандын документин калыбына келтирүү иштери жеринде тейленди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости