www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын өкмөтү да, “Талибан” кыймылы да Орозо айтка байланыштуу ок атышууну үч күнгө токтоторун жарыялашты.

"Талибан" өз тарапкерлерине Айт майрамынын биринчи күнүнөн үчүнчү күнүнө чейин чабуулдарды токтотуу буйругун берди. Мындай билдирүү 10-майда Twitter баракчасына жарыяланды. Анда талибдер кокус кол салуу болсо, жооп кайтарууга даяр турушу керек экени жазылган.

Аны улай дүйшөмбү күнү ооган президенти Ашраф Гани да аскердик күчтөргө ок атпоо тапшырмасын берип, талибдерди сүйлөшүү үстөлүнө чакырды жана туруктуу ок атышпоо макулдашуусун кабыл алуу зарылчылыгын белгиледи.

Ооган өкмөтү менен талибдер ислам майрамдары маалында ок атышууну токтоткон учурлар буга чейин да болгон. Өлкөдө Орозо айт Айдын абалына жараша ушул шаршемби же бейшемби күнү башталышы мүмкүн.

АКШ Ооганстандагы күчтөрүн 11-сентябрга чейин чыгарып кетерин жарыялагандан бери ооган жергесинде чабуулдар күчөдү. Дүйшөмбүгө караган түнү Забул провинциясында жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус жол четине коюлган бомба жардыруусуна кабылып, андан кеминде 11 адам каза тапты.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, окуя дүйшөмбүгө караган түнү автобус Кабулдан Кандагарга бара жатканда болгон. Чабуулдан жабыркагандардын арасында балдар менен аялдар да бар.

Азырынча жоопкерчиликти эч бир тарап мойнуна ала элек. Бирок ооган өкмөтү бул окуя үчүн талибдерди күнөөлөп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости