www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, губернатор Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарында жумушчу сапары менен барды. 

Ыйгарым укуктуу өкүл, КРнын Президентинин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге, куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышты.

Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Максат айылынын эли менен жолукту. Бул күндөрү облустун чек ара аймактарында орун алган окуяга байланыштуу түзүлгөн, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча облустук комиссия иштеп, жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен бирге маселелер талкууланды.

Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү тугундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулаарын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарылаарын белгиледи. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды. Турак үйлөрдүн курулушун бүгүн 11-майда баштоо пландаштырылды.

Жергиликтүү тургундар, азык-түлүк, кийим-кече, турмуш-тиричиликке керектүү болгон жардамдар жетиштүү берилип жатканын, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Болуп өткөн окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости