www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы чырдан жабыркап, Бишкектеги ооруканаларда дарыланып жаткан бир бейтап өтө оор, бирөө оор абалда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, борбор калаага жалпы 56 жабырлануучу жеткирилген.

“Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 29-апрелде бир тез жардам унаасы зыян тартып, Максат айылында бир ФАП толугу менен күйүп кеткен. Башка айылдар боюнча кырдаал такталууда”, - деди министрдин орун басары.

Солтонбекова кошумчалагандай, жабырлануучуларды кабыл алып жаткан саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жана анын компоненттери жетиштүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости