www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин камиссиясы бүгүн, 3-майда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган социалдык объектилерге, турак үйлөргө жана башка келтирилген зыянды аныктоо үчүн Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ишке киришти.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, комиссияны министрдин орун басары У.Калманбетов жетектейт. Жеринде аэросүрөт жана видео тартуулардын жардамы менен маалыматтар жыйналат, анткени социалдык объектилерге жана турак үйлөргө келтирилген зыянды аныктоо, аларды калыбына келтирүү үчүн алдын ала сметалык долбоордук документ даярдоо боюнча тапшырма берилген.

Жабыркаган объектилердин так саны аныкталып, бириктирилген сметасы түзүлгөндөн кийин аларды калыбына келтирүү иштери башталат.

Белгилүү болгондой, Баткен облусундагы жаңжалдын жүрүшүндө бир катар социалдык объектилер жана жеке турак үйлөр, анын ичинде мектеп, дүкөн, май куюучу жайлар жана башкалар жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости