www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы чырдан кийин ооруканага 11 адам жеткирилди

28-январда саат 07:00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Алар Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган жарандардын абалы орто оор.

27-январда саат 17:30 - 18:00 аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы Баткен—Исфана жолун бир тараптуу жапкан. Эскалацияга жол бербөө максатында аталган аймакка УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы, полковник Рустам Миршакиров чыгып кеткен.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылды. Чек арачылар күчөтүлгөн режимге өтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости