www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келет. Бул тууралуу ТРТ.нет кабарлайт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин президент Эрдогандын Түркияга чакыруусун кубануу менен кабыл алганын билдирди.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында, эки лидердин сүйлөшүүлөрүндө Эрдогандын Путинге чакыруусунун алдыңкы планга чыкканын айтып: «Өкмөттөр аралык комиссияда да, эки лидердин жетекчилигиндеги байланыштарда да бир аз тыныгуу болду», - деди.

Песков президент Эрдогандын бул жолугушууларды жана иш-чараларды Түркияда өткөрө аларын айтканын билдирип: «Путин Эрдогандын чакыруусун кубануу менен кабыл алды. Алар бул чакыруунун COVID-19 пандемиясы жана календарлар уруксат бергенде аткарыла турганы боюнча макулдашышты», - деди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Орусияга кечээ кечинде жөнөткөн коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу жазуу түрүндөгү жообуна баа берген Песков, Путиндин бул жоопту өзү окуганын айтты.

АКШ жана НАТОнун Орусиянын негизги тынчсыздануусун четке какканына көңүл бурган Песков: «Ошондуктан оптимизмге негиз жок. АКШ менен НАТОнун жазуу жүзүндөгү жоопторун иликтөө убакытты талап кылат. Шашылыш жыйынтык чыгарбашыбыз керек»,- деди.

Песков Москванын, АКШ жана НАТОнун жоопторуна коомдук пикирге ачык түрдө бере турган жоопко байланыштуу чечим кабыл алынбаганын белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо АКШнын Москвага коопсуздук темасында берген жообунун оң болбогонун кабарлады.

«АКШнын жообунун мазмуну олуттуу диалогго мүмкүндүк берет, бирок экинчи маселелер боюнча» деген Лавров, АКШнын жообунан кийин таштала турган кадамдарга Путиндин чечим чыгарарын кошумчалады.

Последние новости