www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу саат 13:00гө карата коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөндөрдүн саны 24 миң 200дөн ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Эвакуацияланган тургундар тамак-аш азыктары, зарыл каражаттар менен камсыз болууда.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу көчүрүлгөндөр зарыл каражаттар менен камсыз болгонун билдирди. Аларга Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай уюму көмөктөшүп жатат.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Булак: NazarNews..kg

Последние новости